Токио шаарында өтүп жаткан жайкы олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде Кыргызстандын туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-июлда башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышкан.
Эртең, 8-августта олимпиаданын жабылуу аземинде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.
Кыргызстандык спортчулардын он үчү байгеге жетпей калса, балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болуп, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ 67-орунда турса, учурда 68-орунга жылды.
Белгилей кетсек, Акматалиев 6-августта индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгышып, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга берип коюшкан. Ал эми индиялык Баджранг Пуния жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.