7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Берекет универсал” базарынын башкармасы Махмуд Губайдулиндин сабалышы иликтенүүдө

906

“Берекет универсал” базарынын башкармасы Махмуд Губайдулиндин сабалышы иликтенүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынан  билдиришти.

Буга чейин ал укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон.

Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, 7 –август күнү  Махмуд Губайдулин «Берекет Универсал» имаратынын жанынан бейтааныш беш адам аны сабап кеткендигин айтып, аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Бул факты Кылмыш -жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча бейбаштыкка катыштыгы бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет”, — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

907