7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сирияда дагы эле 700дөй кыргызстандык бар, айрымдары үй-бүлө күтүп алышкан

922

Аскердик кагылышуулар болгон Сирияда дагы эле 700дөй кыргызстандык бар. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары» деген аталышта тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

«Биз бул багытта иштеп жатабыз. Ал жакта ар кандай топтогу адамдар бар. Үй-бүлөсү менен кеткендер же болбосо ал жактан үй-бүлө күткөндөр кездешет. Ошондой эле Кыргызстанга кайтып келгиси келбегендер бар. Өз кезегинде коңшу өлкөлөр ал жактан жарандарын алып чыгыш келишкен», — деди ал.

Марат Иманкулов кошумчалагандай, согуштук иш аракеттер болгон аймактан кайтып келгендер арасында тыкыр профилактикалык иштерди жүргүзүү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

923