Кечээ, 11-август Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганын УКМКнын Чек ара кызматы тастыктайт.
Маалыматка ылайык окуя саат 15:10 чамасында атталып, Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 мм калибриндеги «АК-74» автоматынын огу табылган. Октон жаракат алгандар жана жабыркаган адамдар жок.
Саат 17:00дө Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап текшерүткргнн, жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары курал колдонушпаганын билдиришкен. Ошону менен бирге ок кокусунан атылган болушу мүмкүн экенин Тажикстандын чек ара өкүлү белгилеген.