7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 30-июлда жоголгон жарандын сөөгү дарыядан изделүүдө

874

Нарын районунун Учкун айылында 30-июлдан бери дайынсыз жоголгон жарандын сөөгүн дарыядан издешүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши 30-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин ИИМдин кызматкерлери менен туугандары биргеликте өз алдынча издешкен. Кечээ, 16 августта  ӨКМне туугандары кайрылып Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранган.

Кечээ жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болбогон соң, бүгүн дагы издөө иштери уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

875