7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистандын президенти оор абалда ооруканада жатат. Ал өлкөсүнө кайтышы мүмкүн

2593

Өзүн-өзүн бийликтен алып түшкөн Ооганстандын президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмиратындагы ооруканага жаткырылды. Анын абалы начарлап баратат, деп билдире ирандык басылмалар.

Маалым болгондой, Ашраф Ганинин эмне менен ооруп жатканы айтылган эмес. Буга чейин БАЭнин Тышкы иштер министрлиги Гани жана анын үй -бүлөсү өлкөдө экенин тастыктаган. Ал талибдер Афганистандын Кабул шаарына кирип барышканда 16-августка караган түнү өлкөдөн качып чыгып кеткен.

Кечээ, 18-августта алгачкы видео кайрылуусун жасап, афгандыктарга өлкөгө сөзсүз кайтып бараарын убадалаган. Ошондой эле өлкөнү таштап качуусун, кан төгүүнү каалабагандыгы менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, АКШ майда аскерлерин Афганистандан чыгараарын жарыялаган соң Ооганстандагы кырдаал курчуп кеткен. Учурда талибдер өлкөгө ээлик кылып, жакынкы күндөрү жаңы мамлекет башчынын талапкерлигин аныктай турганын убада кылышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2594