7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

31-августта Бишкек шаарынын аймагында өтө турган иш-чаралардын тизмеси

1247

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектин бардык райондорунда майрамдык салтанаттуу иш -чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

31-августта:

  • саат 11.00дөн 13.00гө чейин Жеңиш аянтында күрүч (аш басуу)фестивалы, асфальтта сүрөт тартуу сынагы, брейк-данс таймашы жана спорттук оюндар уюштурулат;
  • саат 13.00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында “Шайыр-Балалык” балдар чыгармачылык борборунун жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти болот. Ошондой эле «Дасторкон» аталышындагы улуттук тамак -аш жарманкеси, зер буюмдарды жана улуттук буюмдарды жасоо боюнча мастер -класстар, «Менин Мекеним — Кыргызстан» сүрөт сынагы өтөт;
  • саат 15.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт өтөт, анын жанына улуттук стилде кооздолгон алты боз үй тигилет;
  • саат 10:00-19:00 Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» жарманкеси өтөт.

Борбор калаанын бардык райондорунда жарандар үчүн боз үйлөр тигилип, ичине таттууларга толгон дасторкон жайылып анда улуттук тамак –аштар коюлат, ошондой эле улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен кол өнөрчүлүк даңазаланып, чиймелер орнотулат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1248