7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рыскелди Момбеков жол талашкан таксистти сабап салды. Жабырлануучу чара көрүүнү суранат

5255

Депутат Рыскелди Момбеков менен анын жансакчысы жол талашкан таксистти сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар ​​билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жаңжал депутат менен таксисттин жол талашынан улам келип чыккан. Ал эми Биринчи май РИИБи бул маалыматты такстыктады.

Белгилүү болгондой, кечээ, 3-сентябрда саат 16:50дө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулардын урушуп жатышкандары тууралуу маалымат түшкөн.

“Окуя болгон жайдан таксистти Биринчи май райондук патрулдук кызматына жеткиришкен. Ал жактан ал денесине залал келтирген Рыскелди Момбеков менен анын жансакчысынын үстүнөн арыз жазып, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Майда бейбаштык” беренеси менен катталып, алган жаракатын аныктоо үчүн арыз ээсине соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5256