Эртең 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрү Чүй облусундагы мектептердин биринде балдарга ачык сабак өтөт. Бул тууралуу маалыматты Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Окуунун биринчи күнү балдардын эсинде калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган “Тынчтык сабагы” деп аталган класстык сааттар өтүлөт. Бул күнү мен Чүйдөгү мектептердин бирине барып, балдарга ачык сабак өтүүнү пландап жатам. Менин орун басарларым жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү башка мектептерде да сабак өтүшөт. Бул өзүбүзгө да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм”, — деп жазган Марипов.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Өлкө боюнча 159 миң бала 1-класска кирет. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу онлайн форматында өткөн.