Бүгүн, 30-сентябрга карата коронавирустан дагы 2бейтап каза болуп, 88 адамдан жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 54,
 - Чүй облусунда – 15,
 - Ош облусунда – 1,
 - Талас облусунда – 1,
 - Ысык-Көл облусунда – 12,
 - Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.
 
Нарын жана Жалал-Абал облустарынан жана Ош шаарынан COVID-19га кабылган жаңы учур катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда. Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайып чыккан.



