7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто дарыгерлер 2 млндон ашуун каражатты кымырып алган

1174

Токмок шаардык прокуратурасы Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборуна текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 2 502 885 сом зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына бүгүн, 5-октябрь жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 133 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1175