7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыныбекова: «Машыктыруучум жеңишиме канааттанса, кыргыз элим ыраазы болду деп ойлойм»

984

Кечээ, 5-октябрда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында америкалык спортчу Кайла Мираклды 7:0 эсеби менен жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпионаты болду.

«Эгер машыктыруучум менин жеңишиме канааттанса, анда бүтүндөй кыргыз эли ыраазы болду деп ойлойм. Буга чейин дүйнө чемпиону болсом, эми экинчи ирет дүйнө чемпиону аталдым», — деген ал.

Кыргызстандык балбан финал биринчи-экинчи кармашка караганда жеңилирээк болгонун айтып, бул мелдешке жакшы даярданбаганын белгилеген.

«Олимпиада оюндарынан кийин бир айга чукул машыккан эмесмин. Негизи эле дүйнө чемпионатына жакшы даярданган жокмун, аны машыктыруучуларым да байкашты, бирок ага карабай колдоо көрсөтүштү. Даярдыгыма карабай мүнөзүм менен жеңишке жеттим деп ойлойм», — деген Тыныбекова.

Эскерте кетсек, балбан кыз эми Парижде өтчү оюнга даярдык көрөрүн айтып, өзү үчүн тарых жазганын кошумчалаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

985