Кара-кечеде азыркы учурда абал тынч, кооптонууга негиз жок, жумуш штаттык режимде жүрүп атат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кече өлкөнүн стратегиялык объектисинин бири. “Кыргызкөмүр” МИнын мурдагы директору өлкө башчыларына убагында кайрылуу жасаган.
Алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп калгандыктан гана Альфанын балдары жаңы жетекчи келгенде Кара-Кечеге жиберилген.
Белгилей кетсек, быйыл суу аз болгондугуна байланыштуу калкка жана ЖЭБке Кара-Кечеден көмүр казып чыгаруу тыкыр көзөмөл алдында жүргүзүлүп жатат.