7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы Кадастрдын мурдагы жетекчиси кармалды, канча адамды какшатты?

2041

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 5-октябрда Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы «Ш.С.» түздөн-түз тиешеси бар болуп  кармалган. Бул тууралуу УМКнын басма сөз ызматы билдирди.

Кылмышка шектүү 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу «Кадастр» мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ага кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган болчу.

Алар 30-сентябрда УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2042