Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 5-октябрда Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы «Ш.С.» түздөн-түз тиешеси бар болуп кармалган. Бул тууралуу УМКнын басма сөз ызматы билдирди.
Кылмышка шектүү 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу «Кадастр» мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ага кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган болчу.
Алар 30-сентябрда УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.