7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Мээрим менен Айперини жеңиши менен куттуктап жазды

839
Бүгүн, 8-октябрь Президент Садыр Жапаров спорттун күрөш түрү боюнча дүйнө чемпиондугунда биринчиликти багындырып алтын кур тагынган Мээрим Жуманазарова менен коло байгенин ээми Айпери Медет кызын куттуктап, Фейсбуктагы баракчасына куттуктоо жазды.
«Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң!
Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды.
Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!«-деп жазат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840