Elite House курулуш компаниясынын мурдагы башкы директору Тимур Файзиевге карата ачылган кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылган Тимур Файзиевдин ишин буга чейин Башкы прокуратура карап келген.
Мындан аркы тергөө иштерин УКМК жүргүзөт.