Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 3 партия шайлоого катышуудан баш тарткандыгын кабарлады. Алар «Права Человека», «Жаңы-Мезгил», «НДПК» саясий партиялары.
Айрым мааламат булактары «НДПК» партиясы шайлоого «Улуттар биримдиги» партиясы менен биригип катышаарын жазат. «Улуттар биримдиги» партиясын Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис мырзакматов жетектеп барат.
БШК партиялардын жана талапкерлердин документин 29-октябрга чейин карайт. Төмөндөгү партиялар документтери толук тапшырган.
- «Улуттар биримдиги»,
- «Ишеним»,
- «Альянс»,
- Кыргызстандын жашылдар партиясы,
- Кыргызстан патриоттор биримдиги партиясы,
- «Ата Мекен»,
- «Ыйман Нуру»,
- «Эл үмүтү» социалдык-саясий партиясы,
- «Азаттык»,
- «Ынтымак»,
- «Күчтүү регион»,
- «Бүтүн Кыргызстан»,
- «Аруузат — Эл куту»,
- «Ата Журт Кыргызстан»,
- «Мекенчил Эл»,
- «Ордо»,
- «Багыт» Кыргызстандын либерал-демократтар партиясы,
- «Улуу-Журт»,
- «Легалайз»,
- «Социал-демократар»,
- «Жашасын Кыргызстан».