7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь РИИБнын башчысы Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагына камалды

790

Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Маалым болгондой, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы РИИБдин тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Куватбековго жана райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызына да колдонулган.

Сот бул маалыматты тастыктады. Уланбек Аалиев 21-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.

Эске сала кетсек, адвокат Канат Хасанов алдамчылыкка шектелген аялды бошотууну талап кылып, борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына жалгыз пикетке чыккан. Адвокаттын айтымында, алты баланын энеси негизсиз кармалып, Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген. Митингдин эртеси Асыл Талипова үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана РИИБдин тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызы кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791