7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыяс Молдокасымов: Раззаковдун ишенген кадрлары киши колдуу болуп каза болгон

1840
Белгилүү тарыхчы Кыяс Модокасымов мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун шакирттери тууралуу, тарых барактарында ачылбай жаткан чындыктын четин чыгарды.
УЛУТТУН УУЛАНЫП ӨЛГӨН МЫКТЫ УУЛУ
Төрөгелди Балтагулов 1966-жылы 16-февралда табышмактуу каза болгон. Ошондо ал болгону 46 гана жашта эле. Анын талапкерлиги Кыргызстан Компартиясынын 1- Катчылыгына Москва тарабынан жактырылып, жүзөгө ашаарына 10 күн калганда уу берилип, анын кесепетинен каза болгону айтылып келет. Быйыл Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракеси кичи мекени Ала-Бука жергесинде башталып, өлкө аймагында кеңири белгиленип, өткөн жумада Бишкекте жыйынтыктоочу жыйыны менен аяктады.
Төрөгелди Балтагулов Улут лидери Исхак Раззаковдун эң ишенимдүү кадры жана эң жакын, сырдаш шакирти болгон.
Негизи эле өткөн кылымдын 60-80-жылдары Республиканы жетектеп калат деген мыкты жетекчилер Б. Мураталиев унаа кырсыгынан, Төрөгелди Балтагулов ууландырып, Султан Ибраимов киши колдуу болуп каза болушса, Болот Мамбетов менен Кеңеш Кулматов кызматтан четтетилип, мекенин таштап, Москвага кетүүгө аргасыз болушкан.
Тарыхта табышмактуу, ачык жазылбай, айтылбай келген сырлар дале көп……

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1841