7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК шайлоо күрөөсүн башка банктан төлөгөн талапкерди каттоодон баш тартты

735

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан катышуу ниетин билдирген 14 кишини талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын 24-октябрдагы отурумдарында кабыл алынган.

  • Алай шайлоо округунан талапкер болууга документ тапшырган Өскөнбай Жээнбаев шайлоо күрөөсүн мыйзам бузуулар менен төлөгөнү үчүн каттоодон четтетилген. Ал шайлоо күрөөсүн, «Демир Банктан» төлөгөн. Бирок БШК буга чейин шайлоо күрөөсүн «РСК Банк» же «Айыл Банктан» төлөө керектигин эскертет.
  • Дагы бир талапкер Нурлан Касымовдун жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык көчүрмөсү жасалма болгону аныкталган.  Касымов шайлоого талапкерлигин №19 Токтогул шайлоо округунан көрсөткөн.
  • Ал эми №26 Көк-Жар шайлоо округунан катыша турган Жолдубай Бекжанов шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу БШКга арыз берген.

Каттоодон өтпөй калган талапкерлердин 10у шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес, алар:

  • Байжигит Мурзакматов — талапкерлигин №26 Ленин шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Арстанбек Тайлаков — талапкерлигин №4 Көк-Жар шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Ербол Токтогулов — талапкерлигин №30 Ысык-Ата шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Болотбек Чокморов — талапкерлигин №32 Кочкор шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Мунарбек Турков — талапкерлигин №13 Сузак шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Баатырбек Олжобаев — талапкерлигин №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Кумарбек Самидинов — талапкерлигин №13 Сузак шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Бактыгул Ажибеков — талапкерлигин № 20 Манас шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Беки Жолдошов — талапкерлигин №5 Ноокат шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Елена Клипачева — талапкерлигин №27 Биринчи май шайлоо округунан көрсөткөн;
  • Улукбек Тургунбаев — талапкерлигин №29 Свердлов шайлоо округунан көрсөткөн.

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 13-октябрда аяктады. Анда 381 талапкер катышуу ниетин билдирген — анын 32и аял. Бүгүнкү күндө 335 киши документтерин толугу менен тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736