7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров кесиптеши Шавкат Мирзиёевди президент болушу менен куттуктады

559

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560