7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарых музейи 20-ноябрда ачылып, 10 күн бою акысыз иштей турган болду

636

Ушул жылдын 20-ноябрында Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637