7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого аралашкан спорт менен маданияттын кызматкерлери иштен кетип, сөгүш алышты

635

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери иштен бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мындай чечим Президенттин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндө» жарлыгын колдоо максатында кабыл алынган.
Ага ылайык, үгүт иштерине аралашкан төмөнкү кызматкерлерге чара көрүлдү:

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын адабият бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан алынды;

«Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу өз арызы менен иштен бошотулду;

Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев өз арызы менен иштен бошотулду;

А. Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими А. уулу М.га сөгүш берилди;

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго сөгүш берилди;

Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу М. И. Д  өз арызы менен иштен бошотулду.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Бул буйрукту бузган учурда тартип жазасына же болбосо ээлеген кызматынан бошотулары так белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636