7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

747

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Нарын облусунун башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземге облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

УКМКнын Нарын облусунун башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмчөсүнүн имараты атайын кызматтын аймактык бөлүмчөлөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Ат-Башы райондук бөлүмчөсүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.

Мындан тышкары, УКМКнын Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы пайдаланууга берилди.

Ошону менен бирге УКМКнын бөлүмчөлөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

748