7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алгачкы жолу Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

681

Алгачкы жолу Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов жана хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дүйнө чемпионаты өтө тургандыгы маалым болду.

Ошондой эле Оморканов дүйнөлүк чемпионат учурунда хоккей боюнча эл аралык федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда өтө тургандыгын кошумчалап, ага белгилүү француз хоккеисти Люк Тардиф келерин билдирген.

Министр Жаманкулов өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682