Сокулукта бейбаштык менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Сокулук РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Төмөнкү-Чүй айылынын тургуну 1995-жылы туулган К. Т. арыз менен кайрылып, 30-сентябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Төмөнкү-Чүй айылынын Маданият үйүнүн жанынан бей тааныш балдар келип сабап кетишкендигин билдирген.
2-октябрь күнү Бишкекте жайгашкан бейтапканалардын бирине денесинен жаракат алган жаран кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 2000-жылы туулган Ж.Б., К.Э., жана К.Т., атту жарандар кармалган.
Учурда шектүүлөр кармочуу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.