7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Эсептөө палатасынын 2 кызматкеринин 254 млн. сом жегенин ачыктады

3482

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100%ы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген  коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 миллион 160 миң 903 АКШ доллары (254 миллион 400 миң сом) өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3483