7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддын башчысы Абсаттар Сыргабаев №2395 шайлоо тилкесинде добуш берди

1068

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сыргабаев үй-бүлөсү менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 Жалал-Абад округунан добуш берген. Анда жалпы тургундарды өлкө келечегине кайдыгер карабай, өз тандоолорун жүргүзүп, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 685 миң 620ны түзөт. Аларга аймактарда 452 шайлоо тилкеси уюштурулган. Облус аймагында саат 10го карата 17 миң 323 шайлоочу добуш берүүгө катышып, ал 2,5 пайызды түздү.

Кечээ, 27-ноябрь күнү, көчмө урналарда добуш берүү жүрдү. Аларга бирдиктүү шайлоо округунан 2 миң 700, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан 2 миң 571 арыз келип түшкөн болсо, андан 90 пайыз шайлоочу доюушун берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069