Бүгүн, 28-ноябрь күнү, шаар башчысы жарандык милдетин аткарып, №2400 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Э.Ормоков Жалал-Абад шаарындагы 25 шайлоо тилкесинде добуш берүү мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирип, жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 51434 шайлоочу бар. Ал эми Жалал-Абад окуругу боюнча 106565 шайлоочу катталган.