Ошто шайлоого карата мыйзам жана коомдук тартипти бузуу боюнча маалымат катталган жок. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 12:00гө карата кандайдыр бир укук жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат түшкөн эмес.
«Коомдук абал толугу менен ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. Интернет булактарында, массалык-маалымат каражаттарында шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу пикирлерге мониторинг жүргүзүлүп, текшерилип жатат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, шайлоо күнүнө чейин үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 маалымат катталган.