Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы №2095 шайлоо тилкесинде бир дагы шайлоочу жок экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси И.Масабиров тушүндүрмө берди .
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00дө Жалал-Абад шаарынын аймагындагы медициналык колледжиндеги №2095 шайлоо участкасында шайлоо процесси башталган.
«2021-жылдын 28-ноябрында саат 14:00гө карата 304 бирдиктүү шайлоо округунан, 297 бир мандаттуу шайлоо округунан шайлоочу шайлоодон өткөн. Учурда шайлоо процесси жүрүп жатат. Жалпысынан шайлоо участкасында 1657 шайлоочу бар, 18% шайлоочу шайлоого катышты», — деп берилет маалыматта.
Жалал-Абад шаарындагы №2095 шайлоо тилкесинде бир дагы шайлоочу жок