7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдөгү шайлоо тилкесинде добуш берүү 2 саат 10 мүнөткө үзгүлтүккө учурады. Учурда абал туруктуу

660

Таш-Көмүрдөгү шайлоо тилкесинде добуш берүү 2 саат 10 мүнөткө үзгүлтүккө учурады.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарында №3 мектепте жайгашкан, №2257 шайлоо тилкесинден, электр энергиясы саат 09:50 дөн баштап, 12:00го чейин үзгүлтүккө учураган. Себеби,  110/35/6 кВ «Таш-Көмүр» көмөк чордонунан, Северный 2 фидериндеги, зым КТПга түшкөндүктөн, жерге чукул туташып, анын кесепетинен электр энергиясы өчүрүлгөн.

Ошондой эле бул учурда Таш-Көмүр шаарында катуу шамал жүргөн.

Бирок, аталган шайлоо тилкесинде, генератор ошол замат уланып, добуш берүүгө эч кандай тоскоолдук жаралган жок жана шайлоонун жүрүшүнө терс таасирин тийгизген жок.

«Социалдык тармактарда тарап жаткан, видео бул чагымчылдык. Себеби, шайлоо участкасында эч кандай, шайлоонун жүрүшү токтогон эмес. Шайлоо участканын өзүнөн эмес, РЭТке барганы буга далил»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, «Жалалабатэлектро» ААК боюнча 757 кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661