Муфтий Замир кары Ракиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.
Маалыматка ылайык, муфтий Ысык-Ата районундагы №7147 шайлоо тилкесинде добуш берип, шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин айтып, элибизге амандык, биримдүүлүк жана ынтымак каалады.
