Бишкекте 19нан 25-ноябрга чейинки аралыкта 5 миң 194 жол эрежелерин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- -мас абалында автоунаа башкаруу — 54;
 - автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 25;
 - айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 45
 - жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 212;
 - башка жол эрежелерин бузуулар — 4 854.
 
Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 315 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.



