7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК БШКнын шайлоо системасынын баракчасындагы ката боюнча комментарий берди

884

УКМК 28-ноябрда парламенттик шайлоо учурунда БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын баракчасындагы туура эмес маалыматтар боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда туура эмес маалыматтардын фактысы текшерилип жатат. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок.
Жогоруда аталган веб-ресурстун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, КР БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун (көрсөтүү баракчасынын) тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес. Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) Автоматтык эсептөөчү урналарынан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар аралаш системаны колдонуу менен шайлоо өткөрүү үчүн БШК тарабынан ишке ашырылган. Бул программа туура иштеп жатат жана добуштардын саны боюнча туура маалыматтарды көрсөтүүдө.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. УКМК КККБ өз ыйгарым укуктарынын алкагында Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн БШК менен өз ара аракеттенүүнү улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

885