7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов Лондон шаарында жумуш сапары менен жүрөт

729

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лондон шаарындагы “Mines and Money” дүйнөлүк тоо-кен көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулуучу “Mines and Money” ар жылы өтүүчү дүйнөлүк көргөзмөсү пикир алышуу, окутуу жана бизнес жүргүзүү иретинде инвесторлорду жана тоо-кен корпорацияларын чогултат. Иш-чара тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана ага инвестиция тартууга дем берүү, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоо үчүн аянтча катары саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов анын Бириккен Королдуктагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу бир катар протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн Лондон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө ал мамлекеттик органдар жана эл аралык компаниялар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.  Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында ал Кэмбридж университетинде мурда пландаштырган лекциясын өткөрөт.

Мындан тышкары Лондон шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова өз алдынча жолугушуулар программасы менен жүрөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730