7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ангела Меркел расмий түрдө кызматтан кетип, анын урматына салтанаттуу иш-чара уюштурулду

714

Берлинде Ангела Меркелдин урматына анын Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери кызматынан кеткендигине байланыштуу салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

“Кечки таң” деп аталган аземди Германиянын куралдуу күчтөрү Бундесвер уюштурган. Ал 8-декабрга чейин расмий түрдө канцлердик кызматын тапшырып берет.

Маалыматка ылайык, коронавирус эпидемиясына байланыштуу салтанат чектелген форматта өттү. Ага 200дөй адам катышып, анын ичинде Меркелдин тушунда федералдык министр болуп иштеген 52 адам чакырылган.

Меркелдин кыска концертинен кийин аскердик оркестр бир нече композицияны, анын ичинде Меркелдин тандоосу боюнча үч чыгарманы аткарды.

«Кечки Таң» аземи — граждандык немис аскерлеринин эң жогорку сый-урматы. Германиянын канцлери катары Меркелдин мураскери Германиянын Социал-демократиялык партиясынын 63 жаштагы мүчөсү Олаф Шольц болмокчу. Акыркы үч жылда ал Меркел Өкмөтүндө канцлердин орун басары жана каржы министри болуп иштеген.

Анын талапкерлиги расмий түрдө 8-декабрга чейин бекитилээри күтүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715