3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата шаардагы «Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери аталган ишкананын ишмердиги менен таанышып, акчалай жардам көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, “Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунда учурда 180 мүчө каттоодо турат. Алардын 95и 1-2 топтогу көзү азиздер, 85и 3-топтогу (угуу жагынан) ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Алардын ичинен 37си жумуш менен камсыз болгон. Учурда бул жайда кызматтык кийимдер, жууркан-төшөктөр даярдалат.
Жалал-Абад шаары боюнча 3000ден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 522и 18 жашка чейинкилер. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгында тизмеде турган 1-2-жана 3-топтогу ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 500 сомдон акча каражаты каралган.