Эртең, 4-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Мааалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
 - Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
 - Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
 - Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1;
 - Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° болот.
 



