7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурас-Ордого каттаган маршрут токтотулуп, анын ордуна автобус кирди

1020

Бишкектин Мурас-Ордо конушуна каттаган №206 маршрут мэрия тарабынан токтотулуп, анын ордуна автобустар киргизилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-декабрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, буга аталган конуштун тургундарынын №206 каттамдын ишине даттанганы жана “Жазада-Транс” компаниясы тарабынан келишимдеги милдеттемелер аткарылбаганы негиз болгон. Мындан улам борбор шаардын Транспорт башкармалыгы фирма менен келишимди үзгөн.

“Маршрут токтотулганына байланыштуу конкурс өткөрүлгөнгө чейин ыкчам тартипте “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясы менен келишим түзүлдү. “Ош” базарынан Мурас-Ордо конушуна чейинки үч айлык убактылуу маршрут иштелип чыгып, №41 каттам менен автобустар жүрө турган болду”, — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1021