7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун ачылышына катышты

693

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен тааныштырылды.

Президент 110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» жаңы көмөк чордонду пайдаланууга берүү Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объекттерди электр кубаты менен камсыздоо сапатын жакшыртарын белгиледи. Ошондой эле ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.

“Мына эми элибиз эгемендик алгандан бери жаңы энергетика орнотмосун  сырттан эч кандай насыя албастан  куруп жатат. Буга чейин карызга алып, энергосистеманын карыздары 130 млрд сомго чейин жеткен. Ишибиздин ушинтип илгерилеши өз күчүбүз менен өлкөбүздүн энергетика тармагын кезек-кезеги менен туруктуу өнүктүрүүгө бекем ишеним жаратат. Ушул сыяктуу өзүбүз жүзөгө ашыра алчу долбоорлор көп. Алардын ар бири боюнча план түзүлүп, курулуш жүргүзүлөт”, — деди ал.

Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

“Мындан кийин энергетика тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүүсү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, “Алтын Казык” жаңы көмөк чордону Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо жаңы конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана бул аймакта жайгашкан өндүрүш жана соода объектилерин электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Ошондой эле, жаңы көмөкчордон 220/110/35/10 кВ учурдагы «Главная», «Тепличная», «Карагачевая», «Нижняя Ала-Арча» көмөкчордондорундагы жүктөмдү азайтат. Кубаттуулугу 10 мВт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694