7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоого канча сом сарпталат?

759

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөрүүгө 18 486, 7 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт. Биринчи Май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоону өткөрүүгө 18 миң 486 сом сарпталат. Анын ичинен 6 миң 215 сом Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары, калганы округдарга бөлүнөт.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок, Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында шайлоочулардын көпчүлүгү «баарына каршы» добуш берген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760