7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош мэриясынын кызматкери Алтынбек Пирматов үй камагына чыкты

1135

Ош мэриясынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовдун баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда 2-мартта каралып, үй камагына чыгарылды.

Мэриянын бөлүм башчысы прокуратура тарабынан кармалган, бирок кылмыш иши боюнча маалыматтар тергөө кызыкчылыгына карай ачык айтылган эмес. Шаардык сот Пирматов 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле үй камагына чыгарууга тергөөчүнүн сунуштамасы жана шаар ичинде туруктуу жашаган жери бар экендиги негиз болгон.

Ош шаарындагы курулуш жана архитектура тармагын көзөмөлдөгөн Алтынбек Пирматовду коомчулукта эң чоң жарнама тактайчасынын айланасындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кармалышы мүмкүн экендиги айтылып жаткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1136