Баткенде милиция кызматерлери ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында Баткен райондук милиция кызматкерлери менен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлык боюнча, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды. Ак-Татыр айылынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна Ак-Татыр айылынын өкмөтү, мечиттин имам хатибтери жооп берди.
Жергиликтүү тургундар бул жарлыкты колдоп, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту үйрөнгөнүбүз жакшы”,- деп билдиришкен.