Бишкекте каракчылыкка шектелген жигиттер карамалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-мартта Ленин РИИБге Бишкек шаарынын эки тургуну кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 00:30 чамасында аларды Үмөталиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеде бычак жана электрошокер менен коркутуп, күч колдонуп, 14 миң жана 18 миң сомдук телефондорун тартып алып, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Ленин РИИБге катоого алынып, Жазык кодексинин 207-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган 4 жигит кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.