7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк Кыргызстандан АКШ долларын алып чыгууга тыюу салды

889

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынганын Улуттук банктан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, КРнын «Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 36, 38, 68 жана 138-беренелерине таянып, Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 11-мартында №2022-П-09/14-1-(БС) «КРнын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомун кабыл алды.

Аталган токтомго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 11-март күнү саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

890