7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө рублдун расмий курсун аныктоо тартиби өзгөрдү

507

Өлкөдө 14-марттан тартып рублдун расмий курсун аныктоо тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банк сомго карата рублдун расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү тууралуу токтом 11-мартта кабыл алды. Токтом 14-марттан тарта күчүнө кирди. «Документ ички валюталык рынокто чет өлкөнүн валютасына байланыштуу спекуляциялык операциялар болушу ыктымалдыгын алдын алуу максатында кабыл алынган. Рублдун расмий курсу сомго карата «Блумберг» жана «Рейтерс» маалымат агенттигинде катталган доллардын рублга карата курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелет. Буга чейин рублдун расмий курсу Москвадагы банктар аралык валюталык биржасында жайгаштырылган баалардын негизинде кросс-курс боюнча эсептелип келген. Дал ушул 2013-жылы кабыл алынган токтомдогу пункт жаңы токтомдо күчүн жоготту»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508