Европа Кеңешинин Министрлер комитетинин Орусияны аталган уюмдан чыгаруу тууралуу токтому күчүнө кирди. Буга чейин Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны тизмеден чыгаруу сунушун колдоп добуш берген.
Быйыл 24-февралда Украина менен Орусиянын ортосунда жаңжал тутангандан кийин уюм Орусиянын мүчөлүгүн токтоткон. Андан соң, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө уюмдун ишине катышпай турганын жарыялап, Европа Кеңешине андан чыгарын расмий кабарлаган. Москва 1996-жылы Европа Кеңешине кирген жана анын тарыхында кайра чыгып кеткен биринчи мамлекет болуп калды.
Орусия уюмдан чыккан соң орус жарандары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышпайт. Ошондой эле Москва өлүм жазасынан баш тартуу сыяктуу милдеттемелерге байланбайт.
Эске салсак, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал 24-февралдын таңында тутанган. Тагыраагы, Орусиянын лидери Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ал мындай кадамдын максаты «акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо» экенин айткан. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттаган. Андан бери жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.