7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге барды

608

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир катар алтын кендерине барды. Ал Иштамберди кенин иштетип жаткан «Фул Голд Майнинг Компани» жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты.

«Фулл Голд Майнинг Компани» компаниясынын маалыматы боюнча, ишканада иштегендердин 91 пайызы – жергиликтүү тургундар. Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда  жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканадагы технологиялык процесстерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы кен казып жаткан Терек-Сай кенине барды. Ал учурда тесттик режимде иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдык сактоочу жайларды көрүп чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы ишканада техникалык жана экологиялык ченемдерди сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609